Сузакта 12 күндөн бери изделип жаткан өспүрүм Оштон табылды

Сузакта дайынсыз болуп изделип жаткан 15 жаштагы Абдумалик Султанбаев Оштон табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, ал 3-июнь күнү саат 10:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан.

Абдумалик Ош ОИИБи, Ош ШИИБинин жана балдардын укук бузуулардын алдын алуу борборунун кызматкерлери тарабынан табылып, Сузак РИИБинин Балдар менен иштөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Ал эми Сузак РИИБи өспүрүмдү апасынын карамагына тапшырды.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан