Кытайда аял сатып алган ит сейрек кездешүүчү аюу болуп чыкты

Кытайдын тургуну Су Юн мындан эки жыл мурун күчүк сатып алып, бирок эки жылдан кийин ал ит эмес, азиялык сейрек кездешүүчү кара аюу экенин билген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аял аюуну эс алуу учурунда сатып алган. Ал алгач эч нерсе ойлонбостон аюуну багып жүрө берген. Бирок акыркы күндөрү ал сатып алган ити өтө көп тамак жеп, салмагы 100 килограммдан ашканда гана шектене баштаган. Акыры ити арткы эки буту менен баса баштаганда ит эмес экенин билген.

Ал дароо адистер менен байланышкан. Адистер аялга анын үй жаныбары ит эмес, азиялык кара аюу экенин түшүндүрүшкөн. Жаныбар жапайы жаратылышты коргоо борборуна жеткирилип, ал жерде табигый шарттарда жашоого үйрөтүлөт.

Бул аюунун негизги баалуулугу - анын өтү, ал салттуу кытай медицинасында колдонулат. Бул аюунун өтү бир нече миң доллар турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан