Бишкекте велосипед тепкен адам эшигин сүзүп алып жыгылгандан кийин унаасын айдап кетип калган №132 маршруттук таксинин айдоочусуна айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
"2022-жылдын 15-июнунда болжол менен саат 15:30 чамасында Ахунбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталган. Анда велосипед менен бара жаткан жаранды бир багытта бара жаткан №132 маршруттук унаанын айдоочусу туура эмес жерден жүргүнчүлөрдү түшүрүп, жол кырсыгына себепкер болгон. Айдоочу окуя болгон жерден кетип калган. Бул боюнча велосипед тээп бараткан жаран кайгуул кызматына арыз менен кайрылган.
Жазылган арыздын негизинде кайгуул кызматынын издөө бөлүмү издеп табуу иш-чараларын жүргүзүп, жол кырсыгына себепкер болгон №132 маршруттук унаанын 1983-жылы туулган М.М. аттуу айдоочусун таап, тергөө кызматына өткөрүп берген", - деп билдиришти Милициянын кайгуул кызматынан.
Азыркы учурда маршруттук унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп тергөө амалдары жүрүүдө.
Буга чейин Бишкекте велосипед тээп бара жаткан жаран кырсыкка кабылгандыгы кабарланган.