Бишкекте велосипед тээп бара жаткан жаран кырсыкка кабылды. Бул тууралуу видео "Короче" телеграм каналында жарыяланды.
Видеодо көрүнгөндөй, велосипедчен бара жатканда кичи автобустун жүргүнчүсү эшикти дароо ачып жиберген. Натыйжада велосипед менен бара жаткан адам кулап түшкөн. Окуя Абдрахманов-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.