реклама
super.kg logo

Бала бакчада наристени урган аял энеси экени белгилүү болду: "Баламды өлдү-өлдү болуп жатып төрөгөм" дейт ал

 

Буга чейин социалдык тармактарда Бишкектеги Кызыл-Аскер конушунда жайгашкан бала бакчалардын биринде аял киши кичинекей баланы коркутуп, урушуп жаткан видео тараган.

Видеодон баланын жылаңач экенин жана ал "чаппа" деп суранып ыйлап жатканын көрүүгө болот. Бул боюнча видеодогу аял киши баланын өз энеси экенин жана баласына тарбия берүү максатында урушканын айтып, кайрылуу жасады.

"Мен видеодогу баланын апасы болом. Баланы урушуп жаткан менмин. Балам бала бакчадан туура эмес иш кылды. Жылаңач болуп алып, кыздарга "чочошкасын" көрсөтүп жаткан экен. Мен аны тарбиялык мааниде эле урушкам. Балам аябай эрке, тие электе эле ыйлайт.

Көп киши үчүн туура эмес кылдым. Бирок мен дагы энемин да, билип жатам, силердин да жүрөгүңөр ооруп жатат. Балам эми ошондой ишти кылып жатса, мунун келечеги кандай болот деген мааниде ушундай кезинде урушуп коёюн, үйгө баргыча унутулуп калбасын дегем. Туура, эки жолу чапкам. Кечирим сурайм. Азыр бизде баары жакшы. Сарсанаа болбоңуздар.

Мен ошол учурда баламды тарбияга салып калайынчы деген ой менен эле урушкам. Ар бирибизде эле бала бар. Энедей эч ким болуп бере албайт. Мен баламды аябай жакшы көрөм. Баламды өлдү-өлдү болуп төрөгөм, баласы жок жашай албайм. Түшүнүп жатасыңарбы? Көрүп-көрбөй, билип-билбей видео таратканыңарды токтоткулачы, сураныч", - дейт ал.




aksia550_3


Бала бакчада "Чаппа" деп ыйлаган баланы энеси өзү сабаганын айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(11)
18.06.2022. 15:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
257
Катталган:
21-09-2020
Соӊку аракети:
07-07-2022 16:18
Жынысы:
Белгисиз
+16
Анаке видеонун чоо жайын билбестен ылай шыбай баштаган эле.
18.06.2022. 15:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
19-04-2014
Соӊку аракети:
07-07-2022 00:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ala-Buka
+16
Мен да ошондой кылмакмын. Элден кечирим сураштын кереги жок эже, себебин тушундурупсуз. Окуянын чоо жайын тушунбой туруп сизге акаарат келтирген учун эл сизден кечирим сураш керек.
18.06.2022. 17:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
996
Катталган:
13-03-2015
Соӊку аракети:
07-07-2022 11:13
Жынысы:
Белгисиз
-6
Кичинекей баланы куноолу кылып коюшуптур да, точно мамасы бекен ушу
modem4999 түзөттү 2022-06-18 17:07:13
18.06.2022. 19:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
288
Катталган:
02-12-2018
Соӊку аракети:
07-07-2022 15:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+9
modem4999,анан эмне сенин катының беле? Энеси болгону учун кайрылып ататта. Баарыбыз эле тил угуп анда санда чыбык менен жеп чонойгонбуз.
18.06.2022. 21:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
996
Катталган:
13-03-2015
Соӊку аракети:
07-07-2022 11:13
Жынысы:
Белгисиз
-4
Adi010891,ушундай катын сага эле ылайык экен анда
19.06.2022. 00:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
898
Катталган:
31-10-2020
Соӊку аракети:
04-07-2022 23:23
Жынысы:
Белгисиз
+5
modem4999,Дөөпөрөз экенсиң го.Өз баласын тарбиялап уруп койсо эмне болуптур?Сен энеңдин токмогун жебегениң үчүн дөөпөрөз болуп калгансын го...
19.06.2022. 09:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
996
Катталган:
13-03-2015
Соӊку аракети:
07-07-2022 11:13
Жынысы:
Белгисиз
-1
Mister-XXX,Энем урбай сокпой элетуура тарбия берген ошого чон рахмат, балдарым да ошондой 4 5 жашта бирок сенден акылдуу
modem4999 түзөттү 2022-06-19 09:19:36
18.06.2022. 19:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
193
Катталган:
01-09-2021
Соӊку аракети:
07-07-2022 16:03
Жынысы:
Белгисиз
+6
Диванда жаткан серепчилер,таң калам силерге.
Баланы какус-кокус кылып кичине төпөштөп тарбиялайт да.Эртең эрке болуп тартип бузса дагы чыгасыңар,ата-энеси тарбиялаган эмес деп.Кийин барып ата-энесин бакпай таштап кетсе балага күнөө койуп тарбиясыз деп чыгасыңар деги кандай кылса жагат.
18.06.2022. 20:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
175
Катталган:
20-09-2021
Соӊку аракети:
07-07-2022 14:27
Жынысы:
Белгисиз
+10
Зараң менен белге чапканда көздөн от чыгып кетчү. Дырылдап зуу үйгө жөнөчүмүн. Өлбөй жакшы эле чоңойдум.
Эхх азыр ошол урган апам да жок. Тирүү болсо кана
Tyttty1990 түзөттү 2022-06-18 20:54:48
19.06.2022. 09:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
709
Катталган:
18-10-2016
Соӊку аракети:
05-07-2022 21:11
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ничего страшного, мен деле баламды кунуго ушинтип тарбиялап турам. Бала деген бала, кыздарга окшоп урушуп койсон тынчып калбайт. Камчылап турбасан тарбиясыз болуп кетет.
19.06.2022. 12:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1869
Катталган:
25-01-2016
Соӊку аракети:
06-07-2022 21:32
Жынысы:
Белгисиз
0
Кичинекей бала эмнени билет, ургандын оордуна өзүн тарбиялабайбы.Бала көргөнүн кылат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
192821;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев 39/7
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Посмотреть на карте Бишкека
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: