Эне тилге эки мүнөт: "Алаканга салгандай", "Алакандай". Алаканга байланышкан фразеологизмдер бири-биринен кандай айырмаланат?

"Эне тилге эки мүнөт" рубрикабыздын бул жолку чыгарылышында "алакандай", "алаканга салгандай" жана "алаканга салып багуу" фразеологизмдеринин маанисин чечмелеп көрдүк. Аталган фразеологизмдердин маанисин кыргыз тили жана адабияты мугалими Бакытбек Жунусалиев түшүндүрүп берип, алардын мааниси контекстке жараша бири-биринен кескин айырмаланып турарын белгиледи.

"Алакандай" - Кичинекей, аз сандагы, көлөмү кичине.

Мисалы: Дүйнө элине “Манас” эпосундай улуу эпосту, Чыңгыз Айтматовдой залкар жазуучуну бергенин алакандай кыргыз элинин адабияттагы артыкчылыгы катары бааласак болот.

"Алаканга салгандай" - Ачык-айкын, так, даана.

Мисалы: Ордолуу Оштун чок ортосунан орун алган Сулайман-Тоого чыкканда шаар алаканга салгандай көрүнөт.

"Алаканга салып багуу", "Алаканга салып көтөрүү" - Алпештеп, бапестеп багуу, кадырлап-кастарлап чоңойтуу.

Мисалы: Жаманбы, жакшыбы, ал адамды сыйлоо керек, ал дагы бирөөнүн алаканга салып баккан баласы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан