"Кечинде ырдап, эртең менен ойгонсом эле дүң болуп кетиптир" дейт сейил бакта ырдаган келин (маек)

Кечээ, 18-июнь күнү Бишкектеги Ынтымак-2 сейил багында "Титаник" тасмасындагы "My Heart Will Go On" аттуу ырды жандуу үн менен ырдап, көпчүлүктү суктандырган Бегимай Турусбекова менен маек курдук.

"Ырдабаганыма 6 жыл болду, бир түндө эле белгилүү болуп кетем деп ойлогон эмесмин" дейт ал.

"Биз кечээ күнү кызыбызды ойноткону эле Ынтымак-2 сейил багына барганбыз. Анан эле сиңдим "Үнүңүздү сагындык, бир ырдап бербейсизби" деп калды. Макул деп барып 150 сом төлөп, "Титаник" тасмасындагы "My Heart Will Go On" аттуу чыгармасын ырдасам эле эл колдоп, сүрөп сахнадан кетирбей коюшту. Кечинде ырдап, эртең менен ойгонсом эле дүң болуп кетиптир", - дейт Бегимай Турусбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан