реклама
super.kg logo

Марат Казакпаевдин жана банкирдин өлүмү боюнча комиссияны Байсалов жетектейт

 

Саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмү жана "Айыл банктын" төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өзүнө кол салуу фактыларын изилдөө боюнча жумушчу комиссияны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектейт. Бул туурасында президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев тарабынан маалым болду.

Белгилүү болгондой, жумушчу комиссиянын курамына Марат Казакпаевдин, Бакыт Асанбаевдин жакын туугандары, акыйкатчы Атыр Абдрахматова, Жогорку Кеңештин, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирди.

Белгилей кетсек, 9-июнда Марат Казакпаев оор абалда ооруканага жеткирилип, комага түшкөн. Серепчи 10-июнда №1 шаардык клиникалык ооруканасында көз жумган. Ага геморрагиялык инсульт деген диагноз коюлган.

Ал эми 18-июнга караган түнү саат 00:55 чамасында Бакыт Асанбаев УКМКнын тергөө абагында асынып алгандыгын кабарлаган.




aksia550_3


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
20.06.2022. 20:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
808
Катталган:
04-09-2021
Соӊку аракети:
24-06-2022 13:22
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жакын туугандары киргени жакшы болду.

Бирок Ташиев баардык кылмыш далилдердин баарын жок кылганга жетишип калды
alimbek94 түзөттү 2022-06-20 20:27:45
20.06.2022. 21:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
02-11-2020
Соӊку аракети:
01-07-2022 21:29
Жынысы:
Белгисиз
+5
Келип келип байсалобдун болгонун карачы байсалоб турган турушу менен пахтакор да
20.06.2022. 21:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
03-06-2021
Соӊку аракети:
01-07-2022 12:37
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аа иш жабылды дегени бир кок мээ жетектесе
21.06.2022. 10:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1518
Катталган:
15-10-2021
Соӊку аракети:
24-06-2022 00:03
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул кок мээ турганда тунулуп кое бергиле акыйкаттан.......
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
192581;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев 39/7
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Посмотреть на карте Бишкека
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: