Камчыбек Ташиев: "Мен ушундай жоопкерчиликтүү кызматты аткарам, кызматтан убактылуу четтей албайм"

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев акыркы кырдаалдарга байланыштуу дарегине карата айтылып жаткан сындарга пикирин билдирди. Айтымында, ал жоопкерчиликтүү кызматты аткарып жаткандыгына байланыштуу кызматтан убактылуу четтей албайт.

"Акыркы окуялар боюнча азыркы тапта мамлекет тарабынан комиссия түзүлдү, андан тышкары өзүбүздүн ички комиссия да иштеп жатат. Аскер прокуратурасы тарабынан иш козголгон. Учурда комиссиянын, тергөөнүн жыйынтыктарын күтүп жатабыз.

Мен кызматтан убактылуу четтей албайм, анткени ушундай жоопкерчиликтүү кызматты аткарам. УКМКнын тергөө абагында буга чейин деле мындай фактылар (каза болгондор тууралуу) болуп келген, болбой коёт деп эч ким кепилдик бере албайт. Мен ар бир адам үчүн моралдык жоопкерчиликти сезем", - деди ал журналисттерге.

Белгилей кетсек, бүгүн, 21-июнда саясий серепчи Марат Казакпаев менен "Айыл Банктын" төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүн иликтеген комиссия алгачкы жыйынын өткөрдү. Жыйынга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан