Кыргыз Республикасынын Эл артисти Айчүрөк Иманалиева оор жоготууга учурады
Кыргыз Республикасынын Эл артисти Айчүрөк Иманалиеванын уулу мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул туурасында ырчынын санаалаштары тарабынан белгилүү болду.
Маалым болгондой, ырчынын уулу Арген 21-июнга караган түнү каза болду. Ал 1987-жылы туулган.
SUPER.KGпорталынын эмгек жамааты Айчүрөк Иманалиеванын уулунун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.