Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Айсара Абдибаева жетекчилик кызматта иштегендерди "Кудай буюрса" деген сөздү колдонбоого чакырды.
Анда эл өкүлү токой сектору боюнча Азия уюму менен кызматташуу качан ишке ашарына, Кыргызстан уюмга мүчө болсо канча каражат бөлүнөрүнө кызыкты. Ошондой эле мыйзам долбоору ишке кирсе, каражаттар бөлүнө баштаса Аксынын токой чарбасы дагы көз жаздымда калбайбы деген суроо узатты.
Айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов: "Кудай кааласа, Кудай буюрса, Кыргызстандын бардык аймактарына гранттык каражаттарды бөлүү боюнча иштерди карап жатабыз", - деп жооп берди.
"Жетекчилер, Кудай буюрса дегенди токтоткулачы! Жетекчилер, аткарабыз же аткарбайбыз деп сүйлөгүлө. Анан караштыралы, караштырабыз дегениңер да болбойт", - дейт депутат.