Президент Садыр Жапаров "The Independent" британ басылмасына эксклюзивдүү маек курду. Өлкө башчынын иш бөлмөсүндө болгон баарлашууда Жапаров климаттын өзгөрүүсүнүн тоолуу өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга таасири жөнүндө, экология маселелери, климаттын өзгөрүүсүнүн терс таасирлеринин кесепеттери менен күрөшүүдө комплекстүү чараларды кабыл алуунун маанилүүлүгү жөнүндө кеп кылды.
Маектешүүдө президент тоолуу аймакта чоңоюп, ал жактагы айлана-чөйрөнүн кандай өзгөрүп жатканын өз көзү менен көргөндүктөн бул көйгөйдү коомчулукка жеткирүүгө анын чечкиндүүлүгү өзгөчө актуалдуу болгонун түшүндүрүп берди.
"Мен туулуп-өскөн айылыма бат-баттан барып турам, көз ачып-жумганча мөңгүлөр четинен жоголуп баратканын байкайм. Тоолорубуздагы климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине күбө болгондуктан мындай маанилүү маселени Глазгодо көтөрүүгө туура келди.
Адамдар бул тууралуу климаттын өзгөрүшүнүн башка мамлекеттерге тийгизген таасири катары айтышпайт, анткени алар Кыргызстан сыяктуу өлкө жана ал жердеги көйгөйлөр тууралуу билишпейт. Эгер бул Улуу Британия же АКШ сыяктуу чоң мамлекет болгондо жана бул өлкөлөрдө ушундай көйгөйлөр болсо, анда баары башкача болмок. Эл аралык коомчулук бизди байкабай калууда, бирок байкашы керек эле", - деген ал.