Порталыбыздын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айыл өкмөтүнүн тургуну кайрылды.
Жергиликтүү тургун аталган айылда таза суу маселеси чечилбей жаткандыгын айтты.
"Таза суу бирде бар, бирде жок. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору келгенден кийин үч күн суу берилди. Анан кайра өчүрүштү. Күн сайын үч сааттан беребиз дешти. Бирок ал дагы жок. Айылдын жетекчилигине, жергиликтүү бийликке ишенип кереги жок, каалаганын кылып жатышат окшойт.
Кыргыз ССРинин мурдагы өкмөт башчысы Ахматбек Сүйүмбаевдин кичи мекенинде таза суу маселеси чечилбей келиши уят нерсе", - дейт тургун.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.