Өлкөдө кесиптик лицейлердин техникалык, базалык абалын чыңдоо талапка ылайык болууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө 99 мамлекеттик кесиптик лицей бар. Ал жакты 30 миңден ашык окуучу аяктап жатат.
"Өлкөдө 1 миллион 350 миң окуучу окуйт. Быйыл 11-классты 67 миң 45 бүтүрүүчү, 9-классты 106 миң 5 окуучу аяктап жатат. Республикада 2 300 мектеп бар. Анын ичинен 345 мектеп авариялык абалда турат. 400дөн ашууну капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж", - дейт эл өкүлү.
Атазов мектептерде сабак жүктөмдөрү көп болуп жатканын кошумчалады.
"Улуттун интеллектуалдык потенциалын толук түрдө ишке ашырууда биринчи милдет Билим берүү жана илим министрлигинин милдети. Эгер улуттун интеллектуалдык понтенциалын толук түрдө ишке ашырууга шарт түзбөгөн министр жумуштан кетиши керек.
Экинчиден, учурда көпчүлүк мектептерде жүктөмдөр көп. Сабактарды кайрадан инвентаризация кылыш керек. Түшүнүксүз сабактар бар. Анын ордуна шактындыруучу, топ менен иштөө, чечимди тез кабыл алуу сыяктуу предметтерди күчтөндүрүү зарыл.
Үчүнчүдөн, мектептерде тил үйрөнүү стратегиясын түзүш керек. Себеби бүгүн мектептерде мамлекеттик тилди билбей чыгып жаткандар бар. Эне тилде чулдурап сүйлөй албай жаткан аткаминерлерди көрүп алып кыжырың келет. Мектептерде окуучулар жок дегенде 3 тилди жакшы билип чыкканына көңүл бурулса", - дейт Атазов.
Депутат мектептерде аскерге чейинки даярдоо сабагында балдарга курал карматып, мекенди коргоого үйрөтүү зарылдыгын айтты. Анткени аталган сабакта курал-жарактар окуучуларга көрсөтүлбөйт.
"Балдарга жок дегенде жыгачтан автомат, таштан граната жасап ыргытып үйрөтүү керек. Себеби бүгүн Билим берүү министрлиги Коргоо министрлигине аталган сабактарда бизге автомат берип турасыз, кайра алып кетесиз деп биргеликте келишим түзсө 10-11-класстын балдары чек араны коргоого, мекенди сүйүүгө үйрөнөт эле", - деди ал.