Индиядан 126 миллион доллар гранттык жардам алуу боюнча мыйзам долбоору каралды

Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Индия Республикасынын гранттык жардамы боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда карады. Каржылык жардам коомдук өнүктүрүүгө багытталган тез таасир этүүчү долбоорлорду ишке ашыруу максатында бөлүнөт.

Жыйында аталган маселе боюнча баяндама жасаган экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов белгилегендей, былтыр министрлер кабинети менен Индия өкмөтүнүн ортосунда өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумга кол коюлган. Меморандум жергиликтүү органдар, өкмөттөр аралык мекемелер же өкмөттүк эмес уюмдар аркылуу ишке ашырыла турган өнүктүрүү жаатындагы анча чоң эмес, бирок натыйжалуу демилгелерди каржылоо үчүн тиешелүү механизмди түзүүгө багытталат.

Индия өкмөтү социалдык-экономикалык өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу жана жашоого каржы булактарын камсыздоого жардам берүү үчүн 126 миллион 290 миң сомдон ашпаган сумманы гранттык негизде берет.

"Ар бир долбоорго болжол менен 1 жарым миллион доллар бөлүнөт, жылына 5-6 долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Буга чейин Индиянын элчилигине гранттык жардам көрсөтүү боюнча арыз түшө баштады", - деди Чоро Сейитов.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар арыздарды тандоонун негизги критерийлерине кызыгышты. Депутат Дастан Бекешев каражат толугу менен гранттык негизде бөлүнүп жатканын белгилеп, мыйзам долбоорун колдоду.

Мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан