Нуржигит Кадырбеков: "Казино ойноого көз карандылык жараткан лудомания оорусу айыкпайт"

Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында казинолорду легалдаштыруу боюнча мыйзам долбоору талкууланууда. Анда депутат Нуржигит Кадырбеков министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду статистикага, илимге көнүл бурууга чакырды.

"Сураныч куранга, хадиске, динге тийишпей эле койгулачы. Светтик өлкө дедикпи, мейли светтик өлкө катары кетели. Бул жерде илим менен статистиканы карабайлыбы?

Статистика боюнча казинодо 100 миңден бир гана адам утат экен. Өзүңүздөр тактап көрсөңөр болот. Казино ойногондордун үчтөн бири аялдар болуп, лудомания деген оору жайылат экен. Ал ушул ооруга көз карандылык. Алкоголизм менен наркоманияны дарыласа болот, бирок лудоманияны дарылай албайт экенсиң.

Американы айтып жатасыңар, ал жакта 3-4 миллион адам лудомания менен ооруйт. Алар психотерапевттердин жардамысыз жашай албайт. 30 пайыз үй-бүлөлөр ажырашса, 80 пайызга жакыны суицид тууралуу ойлонот. 60 пайызга жакыны эптеп акча табам деп башка мыйзам бузууларга барат экен. Буларга эмне дейсиздер?", - деп суроо салды Кадырбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан