Жанар Акаев депутаттарга: "Диний ишенимдерди шайлоодо, парламентте жана казино мыйзамында колдонбош керек"

Депутат Жанар Акаев депутаттарды "кыргызстандыктар казино ойнобогула, кирбегиле" деп үгүттөш керек экенин айтты.

"Мен кимдир бирөөнүн сөзүнө комментарий бергим келбейт, бирок азыр дагы келечекте дагы биз диний ишенимди, саясий иштерге, шайлоолорго жана ушундай мыйзамдарга аралаштырбашыбыз керек. Адамдардын ишеними ыйык нерсе. Ошону ушундай парламентке алып келип пайдаланганга жол берилбеши керек. Биз мыйзамдар жөнүндө сүйлөшөбүз, анан дагы экономикалык мыйзамдар жөнүндө. Күнөө болот, болбойт дегендер андан көрө "урматтуу кыргызстандыктар, казино ойнобогула, кирбегиле" деп үгүттөш керек. Анан Акылбек Үсөнбекович ушул түшкөн каражат Кытайдын карызына кетсе жакшы болмок.

Ошондой эле биздин 100 миңдеген Кыргыз жарандары Орусиянын, Казакстандын жарандыктарын алышкан. Эгер алар кире турган болсо аларды текшерип, аларга дагы тыюу салышыбыз керек. Эгер бир эле кыргызстандык кирсе анда ошол казинону жаап, лицензиясын алып, айып салып катуу тартипке өткөрүш керек", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан