20-июндан 21-июнга караган түнү Түркиянын Гиресун провинциясынын токоюнан 40 жаштагы кыргызстандык аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каза болгон аял 1982-жылы туулган К.Н аттуу Кыргызстандын жараны экени аныкталган жана маркумдун денесинен зомбулуктун белгилери байкалган.
"Учурда укук коргоо органдары тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, адам өлтүрүүгө шектелген Түрк жарандары М.А. жана Х.Ч. кармалды.
Башкы консулдук бул маселени көзөмөлгө алууда", - деп жазылат маалыматта.
Ал эми түрк басылмасы каза болгон аялга карата анын жарандык күйөөсү М.А. кызганычтан улам курал колдонгонун жана ал күнөөсүн моюнуна алганын жазып чыкты.