Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңеште казинолорду легалдаштыруу боюнча мыйзам долбоору каралууда. Анда мыйзам долбоордун демилгечиси болгон министрлер кабинетинин төрагасы казинолор чет элдик жарандар үчүн ачыларын айтты.
Депутат Жусупбек Коргонбай уулу казинолордун иши катуу көзөмөлгө алынышы керектигин белгиледи.
"Казинолор ири суммадагы акчаларды адалдоо эмеспи? Башкача айтканда, казинодон уттурду деп миллиондогон акчаларды адалдап алышпайбы?
Кыргыздардын казинодо ойноосуна катуу көзөмөл болуш керек. Анткени мунун айынан көптөгөн үй-бүлө бузулуп, тагдырлар талкаланган. Эртең казинолорду ачып алгандан кийин арткы бир тешигинен (задний проходунан) жергиликтүүлөрдү киргизе турган болсо чатак болот", - дейт ал.