Бүгүн, 22-июнда парламент жыйынында казинолорду гелагалдаштыруу боюнча мыйзам долбоору талкууланып, добуш берүүгө коюлду.
Анда 68 депутат катталып, анын ичинен 59у "макул", 9у "каршы" деп добуш беришти. Бирок Адахан Мадумаров, Нуржигит Кадырбеков, Айгүл Айдарова, Алишер Эшбаев, Исхак Масалиев, Эмиль Токтошев добуш берүүдөн баш тарткандыктан, төрага танапис жарыялап, мыйзам долбооруна добуш берүү аягына чыккан жок.
Мыйзам долбоордун демилгечиси министрлер кабинетинин төрагасы.