Адахан Мадумаров Кыргызстанга күн башкача чыга турган болсо казино боюнча мыйзам долбоорун колдоп берерин айтат

Парламентте казино боюнча мыйзам долбоору талкууланып, добуш берүүгө коюлду. Бирок Адахан Мадумаров, Нуржигит Кадырбеков, Айгүл Айдарова, Алишер Эшбаев, Исхак Масалиев, Эмиль Токтошев добуш берүүдөн баш тарткандыктан мыйзам долбооруна добуш берүү үзгүлтүккө учурады.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров "ата-бабаларыбыз кумар ойногула деген адеп-ахлакты калтырдыбы, мурастарын туу тутуп деп жатабыз аны да ата-бабаларыбыз калтырдыбы?" деди.

"Талкууга биринчи болуп жазылдым, сөз бербей койдуңар. Жок, биз көпчүлүкпүз, кете беребиз деп жатасыңар. Биринчи окуудан кийин экинчи, үчүнчүгө катары менен коюп жатасыңар. Ушул кумар оюндары кабыл алынбаса Кыргызстан жок болуп кетет деп бизди бирөө коркутуп жатабы? Кумаркана ачмайынча Кыргызстан Кыргызстан болбойт деп жатабы? Эгер кумаркана ачылып, эртең Кыргызстан жадырап-жайнап кетсе, күн башкача чыкса мен колдоп берем", - дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан