Парламентте "Кыргызстандагы оюн-зоок иши жөнүндө" жана "Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча айрым актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору добуш берүүгө коюлуп, көпчүлүктүн колдоосу менен кабыл алынды.
Анда 58 депутат "макул", 9 депутат "каршы" добуш беришти.
Буга чейин Адахан Мадумаров, Нуржигит Кадырбеков, Айгүл Айдарова, Алишер Эшбаев, Исхак Масалиев, Эмил Токтошев добуш берүүдөн баш тарткандыктан танапис жарыяланып, мыйзам долбооруна добуш берүү аягына чыкпай калган.
Белгилей кетсек, мыйзам долбоору 3 окуудан кабыл алынды, демилгечиси министрлер кабинетинин төрагасы.