"Сапар Исаковго бир күнү укук коргоо органдарынын укуругу жетет" дейт Акылбек Жапаров

Жогорку Кеңештин жыйынында жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндөгү мыйзам долбоору талкууланды. Анда депутат Шайлообек Атазов мамлекетти тоногон экс-министрлер, премьер-министрлер Орусияда кафе-ресторандарды салып жүргөнүн, арасында мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков дагы бар экенин айтты. Ал чет өлкөдө качып жүргөндөргө бул мыйзам долбоору тиешелүүбү деп кызыкты.

"Мурдагы премьер-министрлер, министрлер, мурдагы мэрлер качып жүрүшөт, башка мамлекетте бизнес ачып алышып, салык төлөп жатышат. Маселен, Сапар Исаков Москвага ресторан куруп алган", - дейт Шайлообек Атазов.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров: "Соттун чечими бар, ал жигитке да бир күнү укук коргоо органдарынын укуругу жетет", - деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан