
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын Кытайга болгон тышкы карызы 280 миллион доллар экенин, карызды төлөө керектигин айтты. Андан тышкары өлкөдө 245 авариялык абалда турганын, мунун баарына каражат керек экенин Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Биз Кытайга болгон тышкы карызыбызды төлөшүбүз керек. Республика боюнча 245 мектептин имараты авариялык абалда турат. Азыр бизге 402 миллиард сом жетпей жатат. Депутаттардын эле суроо-талаптарына кем дегенде 80 миллиард сом керек. Миллиардды чогултуу үчүн бир сом да маанилүү. Биз бардык булактарды колдонобуз. Депутаттардын, президенттин ташырмалары менен биз бардык ички каржы булактарын караштырып жатабыз. Аткезчилер менен күрөшүп жатабыз, алар да биздин жарандар. Бул багытта колдоо көрсөткөнүңүздөр үчүн сиздерге рахмат. Жакында бардык контрабандалык товарларды кармай баштайбыз.
Мен сиздер бекиткен пландарды аткарып тынч эле отуруп, жакшы адам болсом болмок. Бирок мындай болбойт, дүйнөдө баары өзгөрүп жатат. 2012-жылы каржы министри болуп турганда мен казинолордун жабылышына каршы болгом", - деди ал.