Укук коргоочу: "Нарында катуу сабалган баланын ишин ички иштер министри жеке көзөмөлүнө алсын"

Балдардын укуктарын коргоо лигасынын директору Назгүл Турдубекова Нарын облусунда карындашын коргойм деп катуу сабалган жигиттин ишин ички иштер министри Улан Ниязбеков өз көзөмөлүнө алуусу керектигин айтып, кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу Турдубекова Фейсбуктагы баракчасына жазган.

"Ички иштер министрине кайрылам. Нарында кылмыштуулуктун күчөп жатканын карагылачы. 15 жаштагы карындашын коргоого алганы үчүн жигитти бир топ балдар сабап, майып кылып салышкан. Алардын колдорунда арматура бар эле. Ал эптеп аман калган. Дене табы түшпөй жатат, жаракаттары көп. Апасы балдарын жалгыз тарбиялаган.

Медициналык экспертиза болсо анын денесинен жеңил жаракат алган деген бүтүм чыгарган. Нарын - акыркы жылдары кылмыштуулуктун алдын алууда кыйын аймакка айланды.

Мындай ишти ички иштер министри жеке көзөмөлүнө алышы керек. Апасы уулунан айрылып кала жаздады. Буга чейин Нарын шаарынын өспүрүмдөрү жана жаштары рэкетчиликтен, зордук-зомбулуктан коргоо үчүн жардам сурап кайрылышкан. Нарын аймагындагы азыркы криминалдык кырдаалга ким жооп берет?", - деп жазган Турдубекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан