Жеке клиникада операция жасатып, Улуттук госпиталда каза болгон аялдын окуясы боюнча тергөө башталды

Бишкекте жеке клиникалардын биринде липосакция жасаткандан кийин оор абалда Улуттук госпиталга түшүп, кийин каза болгон аялдын окуясы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБдин маалымат кызматы тарабынан белгилүү болду.

Мекемеден жогорудагы факты боюнча 146-берене (медициналык же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдеттерин талаптагыдай эмес аткаруусу) менен сотко чейинки тергөө иштери башталганын белгилешти. Ошондой эле тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалганын кошумчалашты.

Липосакция - хирургиялык жол менен денедеги май катмарларын алган косметикалык же бариатрикалык операция. Бул операция дененин бир бөлүгүнө, көбүнчө курсакка, санга, жамбашка жасалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан