Талас каналына түшүп кеткен кыздардын биринин жансыз денеси табылды. Дагы бирөө изделип жатат дешет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.
Маалыматка караганда, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынан өтүүчү кичи Талас каналына 24-июнда 14 жаштагы Т.А. жана 13 жаштагы Ы.Д. аттуу 2 кыз түшүп кеткен.
Издөө иштерин жүргүзүү үчүн 10 куткаруучу тартылып, бүгүн, 25-июнда саат 08:30 чамасында изделип жаткан кыздын биринин жансыз денеси жергиликтүү тургундар тарабынан табылды.
Учурда издөө иштери уланууда. Кошумча маалымат берилет.
Министрлик эскертет: Урматтуу жарандар, өспүрүмдөрдү, жеткинчектерди сууга түшүүгө чоңдордун көзөмөлүсүз сууга түшүүгө жибербеңиздер!