Саясий серепчи Марат Казакпаев менен "Айыл Банктын" төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмү боюнча талкууларга президент Садыр Жапаров жооп берип, түзүлгөн комиссиянын ачык-айкындуулугунан күмөн санабай койсо болорун билдирди. Бул туурасында ал "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде суроолорго жооп берип жатып айтты.
Суроо: Жакында коомчулукта кызуу талкуу жараткан кийинки тема – УКМК имаратынан эки сөөктүн чыгышы. Буга байланыштуу коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев иштен четтетилиши керектигин айткандар болду. Сиз атайын комиссия түздүңүз. Анын объективдүүлүгүнөн күмөн санабай эле койсо болобу?
Жооп: Эч күмөн санабай эле койсоңуздар болот. Биздин коомчулуктан жашыра турган эч нерсебиз жок. Ошон үчүн комиссияга маркум болуп кеткендердин жакын туугандарын, акыйкатчыны, бейөкмөт уюмдарын киргиздик. Иликтеп чыгып, элге ачык жарыялашсын. Бул – кырсык. Албетте, менин жеке баамымда СИЗОнун жетекчисин "эмне үчүн узарткыч колдонгонго уруксат бердиң?" деп күнөөлөсөк болот. Шнуру узун узарткыч, жип, бычак, устара сыяктуу буюмдарды камерада колдонууга мыйзам тыюу салат. Бирок мен УКМКнын СИЗОсун эки жолу, Бишкектин СИЗОсун бир жолу көргөн адам катары айта алам. Узарткычсыз жашоо өтө кыйын. Тефаль, тамак жасаган плитка, телевизор, радио, муздаткыч жана башка буюмдарды бир точка менен колдонуш мүмкүн эмес. Камакта олтурган адамдар өздөрү эле кыйналышат. Өздөрү эле киргизип бергиле деп суранышат. Киргизип бербей койсо, ар кандай жолдор менен өздөрү киргизип алышат. Мисалы, телефон колдонгонго дагы болбойт. Бирок телефонду дагы нандын ортосуна, тамак-аштын арасына катып кире беришет. Тинтүү иштери жүрүп, алар алынып турат. Кайра эле киргизе беришет. Жашоо ошентип айланып турат. Ал эми "УКМК өлтүрүп койду" деген акылга сыйбаган күмөн. УКМКга миңдеген адамдар камалып чыгып жатышат. Кимдер гана камалып чыкпады. Баары эле аман-эсен чыгып жатышат го. "УКМК өлтүрүп койду" дегидей, булар же бир коомчулукка таанымал чоң фигуралар болсочу. Жөн гана кылмыш иштери менен камалган адамдар экен. Экинчи маркум банкта иштеген жаш бала болсо, “Айыл банктан” берилген 3,5 миллион доллар насыя кайра кайтпай жаткандыгы боюнча камалган экен. 3,5 миллион доллар оюнчук акча эмес да, бул – элдин акчасы.
Эске салсак, 9-июнда Марат Казакпаев оор абалда ооруканага жеткирилип, комага түшкөн. Серепчи 10-июнда №1 шаардык клиникалык ооруканасында көз жумган. Ага геморрагиялык инсульт деген диагноз коюлган.
Ал эми 18-июнга караган түнү саат 00:55 чамасында Бакыт Асанбаев УКМКнын тергөө абагында асынып алгандыгы кабарлаган.