Бишкекте 3 жаштагы кыз жоголуп кетти. Жакындары жана милиция коомчулуктан жардам сурайт

Бишкекте 3 жаштагы Жасмина Узакбаева дайынсыз болуп изделет. Ал үйүнүн короосунан чыгып кеткен бойдон жок болуп жатканын Ленин РИИБдин маалымат кызматынан билдиришет.
Бүгүн, 26-июнда шаар тургуну 3 жаштагы кызы жоголуп кеткенин айтып, милицияга кайрылган. Айтымында, саат 11:00 чамасында кызы үйүнүн короосунан сыртка чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айткан.
Учурда Жасмина Узакбаеванын жүргөн жери белгисиз болгондугуна байланыштуу анын жакындары жана милиция кызматкерлери коомчулуктан жардам сурайт.

Изделип жаткан Жасминанын бою 85-90 сантиметр, арык, чачтары күрөң, кыска. Кызыл көйнөк жана жашыл лосина кийип жүргөн.

Эгерде сүрөттөгү кызды көргөн, билгендер болсо кабарлап коюуну укук коргоочулар өтүнөт.

Байланыш номерлери: 0 (312) 352-605, 0 (312) 444- 457, 0 (312) 352-632, 0 (553) 102-880, 0 (773) 909-465, 0 (551) 088-330, 0 (701) 644-403, 0 (500) 032-000, 0 (755) 579-580 жана102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан