"Күйүктүн тагы да бар". Чоң-Алайда 3 жашар наристеге тууганы кол көтөрүп жүргөнү айтылды

Укук коргоочу Назгүл Турдубекова 3 жашар баланын сабалышы боюнча акыйкатчы Атыр Абдрахматовага кайрылды. Ал кайрылуусун өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган. Анда бул окуя боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүп, укуктук баа берүү өтүнүчү келтирилген.

"Мага Ош облусунун Чоң-Алай районунун Сары-Могол айылында 3 жашар наристени тууганы сабап салганы тууралуу маалымат келип түштү. Чоң-Алай РИИБин бул фактыны каттап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну суранам. Сабалган баланын ата-энеси ажырашып кетишкен, апасы Бишкек шаарына иштөө үчүн кеткен. Наристе тууганынын колунда калган экен. Маалыматтар боюнча, тууганы наристеге кол көтөрүп жүргөнү белгилүү болду. Анын денесинен күйүктүн тагы да бар экен.

Кыргызстанда мындай окуялар миңдеп саналат. Эмнеге мындай окуялар көп катталууда?

Себеби азыркы мыйзам моралдык жактан эбак эскирген жана учурдун талабына жооп бербейт. Биздин балдарга мамлекет тарабынан реалдуу колдоо жана коргоо керек. Себеби ар бир төртүнчү үй-бүлөдө мигрант болуп чет өлкөгө кеткен ата-эненин же жалгыз бой эненин балдары туугандарынын колунда калат.

Турмуштун оор кырдаалында калган үй-бүлөлөрдү жана балдарды коргоого алуу керек. 3 жашар наристесин туугандарына калтырып кеткен мигрант эне баласынын сабалышын, албетте, каалаган эмес. Эгер бала бир аз чоңураак болгондо, балким, милицияга чалып жардам сурайт эле. Бирок ал 3 жашар наристе. Мындай абалды оңдоо үчүн парламентте 3 окуудан өткөн Балдар жөнүндө кодекстин жаңы редакциясына киргизилген жаңы механизм керек. Президент өткөн жылы журналисттер менен болгон жолугушууда нааразычылыктар жок болсо, аны колдоого убада берген.

Тилекке каршы, анын убадасы иш жүзүнө аша элек. Менин байкашымча, президентке Балдар жөнүндөгү кодекстин жаңы редакциясы тууралуу ар дайым туура эмес маалымат жеткиришүүдө. Жаңы редакциядагы балдарды коргоонун жаңы механизмдери тууралуу толук маалымат жетпей жатат окшойт. Мындан улам канчалаган балдар зордук-зомбулуктун курмандыгы болууда.

Эгер президент Кодекстин жаңы редакциясына кол коюп берсе, балдардын, анын ичинде сабалган 3 жашар баланын жашоосу оң жагына өзгөрмөк. Ага ылайык, мигрант эне баласын тууганына нотариус аркылуу ишеним каттын негизинде калтырып кетет эле. Өз кезегинде тиешелүү органдар балага жана тууганына чараларды өз убагында көрмөк.

Балдардын укугун коргоочу катары өлкө башчы Садыр Жапаровго, министрлер кабинетинен төрагасы Акылбек Жапаровго, Жогорку Кеңештин депутаттарына Балдар жөнүндө кодекстин жаңы редакциясын колдоп берүүсүн өтүнөм", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан