Президент Садыр Жапаров Нарын облусунун Солтон-Сары аймагында жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди. Бул тууралуу видео өлкө башчынын Телеграм каналына жарыяланды.
Жолугушууда жергиликтүү тургундар жол көйгөйүн айтып, аны чечип берүүнү суранышкан.
"Азыр Баткендин жолун жасатып жатам. Эми Кадамжай менен Айдеркендин ортосунда 50 чакырым бар. Ал жерди жаңыдан баштап жатабыз. Андан бери жакта Ала-Бука-Чаткал жолу бар. Быйыл ошол жолдорду салабыз. Кийинки жылы бүт ресурстун баарын Нарынга бурам. Көрүп турасыңар, Ысык-Көлдө жол салынып жатат. Түштүк жагынан Барскоонго чейин баратат. Анын суммасы 150 миллион доллардын тегерегинде", - деди өлкө башчы.
Белгилей кетсек, бүгүн Садыр Жапаров Нарын облусундагы Солтон-Сары алтын кенине барып, ал жактагы иштер менен таанышты.