Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Октябрь окуясы боюнча сот отурум өтүп жатат. Отурумга экс-президент Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов алып келинди.
Анда Атамбаев соттук отурумга катышуудан баш тартып, залдан чыгарылды.
Маалымат үчүн: 2020-жылы октябрь айындагы окуялар боюнча ишти кароо былтыр, 2021-жылы 8-октябрда башталган. Анын алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов, Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов баштаган бир нече киши айыпталган.