Кызыл-Кыяда милиция кызматкерлери сууга чөгүү кырсыктарын алдын алуу иштерин жүргүзүп жатат

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында милиция кызматкерлери сууга чөгүүнүн алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя ШИИБнин балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жайкы каникул мезгилинде өспүрүмдөрдүн коопсуздугун сактоо максатында кароосуз калган көлмөлөргө, терең бассейндерге сууга чөгүүнүн алдын алуу боюнча эскертмелерди илишкен.

Кооптуу жерде жашаган тургундарга өспүрүмдөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча 20 эскертүү актылары берилген. Ошондой эле күндүн ысыгында өз алдынча сууга түшкөн өспүрүмдөргө коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жыл башынан бери Кызыл-Кыя шаарында өспүрүмдөрдүн сууга чөккөн фактысы катталган эмес. Кызыл-Кыя шаарында 2 чоң бассейн, 1 көлмө, 3 канал бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан