Бүгүн, 29-июнда агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишин сынга алышты. Депутат Алишер Козуев аталган ишкананын жетекчилиги иштей албай жатканын белгиледи.
"Муну моюнга алыш керек. Депутаттар жер бөлүп берүүнү мыйзамдаштырган долбоорду кабыл алып берели деп жатат. Президент каражат бөлдү. Ашты даяр бышырып берсе да жей албай жатасыңар. Жер болсо, акча болсо да оозуңарды ачып отурасыңар. Алган айлыгыңар бийликтин эң жогорку бутагындагылардыкынан да көп экенин кечээтен бери угуп жатабыз. Өзүңөргө чоң суммадагы айлыкты коюп алгансыңар, бирок иш жүргүзүүңөр начар", - деди ал.