Нарында мал издеп кеткен боюнча дайынсыз жоголгон 50 жаштагы адам изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 28-июнда Ат-Башы районундагы Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Жаңы-Жер жайлоосунун Кичи-Каманды тилкесинде 1972-жылы туулган И.К. аттуу жаран мал издеп кеткен боюнча кайтып келген эмес. Жоголгон жарандын минип жүргөн аты келип, өзү табылбай жаткандыгы тууралуу маалыматты кошунасы билдирген.
Учурда издөө иштерине Ат-Башы райондук №45 Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан 10 куткаруучу, Ички иштер министрлигинен 10 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 5 адам тартылганы маалымдалды.