Ысык-Көл облусунун Тоң районунда үч эм ымыркай жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун Элмира Сулайманова билдирди.
Анын айтымында, үч эм кечээ, 28-июнда Тоң районунда жарык дүйнөгө келген, алардын экөө уул, бирөө кыз. Үч эмдин апасы Кара-Талаа айылынын тургуну 36 жаштагы Айбарчын Бегалиева. Наристелер 1 килограмм 920 граммга чейинки салмакта төрөлгөн.
Айбарчын буга чейин эки уулду жарык дүйнөгө алып келген.
"Келинимдин үй-бүлөсү социалдык жактан аярлуу катмарга кирет. Үйү жок. Буга чейин жөлөк пул дагы ала албай келишкен. Бул үй-бүлөгө жардам берилсе жакшы болот эле", - деди жеңеси Сулайманова.