реклама
super.kg logo
Кино

ПОЭТЕРАПИЯ: "Жаштык курак сүйүлчү элек сүйчү элек, жалын учкан чагылышкан көздөрдөн"

 

SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын кезектеги каарманы акын Өскөнбай Бердибаев.

Акын, этнограф Өскөнбай Бердибаев 1982-жылдын 1-октябрында Ош облусунун Алай районуна караштуу Сары-Могол айылында туулган. Тоо туризми боюнча эмгектенет. "Түбөлүк өчпөс издер", "Бийиктик", "Сары-Кол кыргыздарынын санжырасы" китебинин, "Сары-Кол кыргыздарынын маданий мурастары" журналынын автору. Кыргызстан аксакалдар кеңеши тарабынан уюшулган Чыңгыз Айтматов атындагы төш белгинин ээси. Эл аралык " Янги-Овоз" акын-жазуучулар союзунун мүчөсү. "Мыкты калемгер" Казакстан өлкөсүнүн дүйнө таланттары коомунун Абай Кунанбаев атындагы диплому менен сыйланган.

"Сары-Кол кыргыздары" дастаны жана башка көптөгөн ырлардын автору. Бир канча чыгармалары түрк, казак, өзбек, англис тилдерине которулган. Ырлары "Тил жана Маданият" гезитине жана башка журналдарда жарык көргөн. Памир тоо арасында көп жыл жашаган каарманыбыз бийик тоолордон алган эргүүлөрү менен тоо ырларын жазып келет. Ошондой эле кыйырдагы кыргыздардын үрп-адатын, каада-салтын, этнографиясын коомго терең жайылтууга аракеттенүүдө.

***
Жашоону биз тапкан өңдүү көктөмдөн,
Жашадык биз чар тарабы төп келген.
Жаштык курак сүйүлчү элек сүйчү элек,
Жалын учкан чагылышкан көздөрдөн.

А өмүр не? Келчү кезек кетер кез,
А биз пенде кезектешип кетербиз.
Күн батканда күмүш түстүү жарык нур,
Күн бүткөндө күлгө айланып өчөрбүз.


Жардан агып турган мөлтүр булактай,
Жарык чачып турган түнкү чырактай.
Бир өмүрдө бир берилген жаштык кез,
Түйшүк салып түшкө кирдиң ынактай.

Жаштык ыры жашоого эмес таарыныч,
Өмүр сүйүү тагдыр жолдор сагыныч.
Ар бир адам, ар бир пенде жарыктык,
Жаштык күнүн жашап өтөр сагынып.


Улутунган улгайынкы карыя,
Жаштык күнүн эстеп өтөт сагынып!

***

Тилек кылып алдыдагы күндөрдү,
Түнөк кылып жылдыз учкан түндөрдү.
Сен мен дешпей күйүп жанып жүргөндө,
Бизге неге сур булуттар түнөрдү.

Кыйгач өтүп кезикпеген бакытка,
Шордуу жандар унутулган жалгыздай.
Бир мезгилде кымбаттуум дечү элең,
Азыр сага бир керексиз жанмын да.

Тагдыр тушап өз алыма кайрадан,
Тирүү алсыз сөлөкөткө айлангам.
Бир көз ирмем, кош канатым кайрылып,
Түйшүктөрдүн тууруна байлангам.

Бир мезгилде ак шумкарым дечү элең,
Азыр сага мен керексиз жанмын да.

СЕН ЭМЕСТИ ЧАНЫП ТУРДУМ

Чырактын билигиндей күйүп турдум,
Чырмалып чачтарыңды сүйүп турдум.
Чыланып махабаттын жалынына,
Чылк ээрий төгүлүүдө уюп турдум.

Дайранын ташкынындай атырылдым,
Дендароо сени көздөй жапырылдым.
Денемди делөөрүтпөй араң басып,
Сабырым сактай албай сапырылдым.


Сен дедим, сен деп гана жанып турдум,
Сенсиздик ааламын бүт танып турдум,
Сендейлер сендей боло албаганда,
Сезимде өзгөлөрдү чанып турдум.
Дайрадай сени көздөй агып турдум.

ТАГДЫР

Тагдыр мени кайда агызып барасың
Алып бүттүң жан дүйнөмдүн мазасын.
Таштуу жолдо жылаңаяк бастырып,
Бороон болуп этек жеңим ачасың.

Тагдыр мени кайда агызып барасың,
Кирген суудай албууттанып шашасың.
Касың бардай кара ташка карс уруп,
Ийлеп, кайра кумдуу жолго саласың.

Тагдыр мени кылыч менен чабасың,
Тозуп кетсем кумдан издеп табасың.
Балким тагдыр чырак болуп колума
Туңгуюктан өзүң алып чыгасың.

***

Кетип жатсам саат күнүм түгөнүп,
Сапар салсам келбес жайга түбөлүк.
Ыр дептерим кошуп көмүп койгула,
Боз мүрзөмдөн чыксын ырлар гүл өңдүү.

Же болбосо оң жагымда мүрзөмдүн,
Окугула көңүл сүйгөн ырларды,
Айланчыктап алыс учпай көпөлөк.
Термелишип көгүш гүлдөр ыргалсын.

Барактары дептеримдин ыр жазган,
Күлүп жүргөн элесиме окшосун.
Суранамын ар жыл сайын ыр арнап,
Ыр жазгыла, ыр жазгыла топтошуп.
Ыр жазгыла, ыр жазгыла жоктошуп.


кошулду



aksia550_3


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
194659;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев 39/7
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Посмотреть на карте Бишкека
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: