Кечээ, 29-июнда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Жаңы-Жер жайлоосунун Беш-Мойнок тилкесинде 50 жаштагы И.К аттуу жаран дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат чыккан. Ал мал издеп кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Ошол эле күнү жоголгон жарандын минип кеткен аты кайтып келген.
Жоголгон жаранды издөө иштерине Ат-Башы райондук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жана ИИМдин куткаруучулары тартылган. Аларга жергиликтүү тургундар да кошулган.
Куткаруучулар тобу түнкү саат 1:40ка чейин Чоң-Каманды, Босого, Ак-Муз жана Ача тилкелеринде издөө иштерин жүргүзгөнү, ошондой эле Ат-Башы суусунун жээгин карап чыгышканы кабарланды. Алгачкы күндөгү издөө иштери түн кирип кеткендигине байланыштуу токтотулган.
Ал эми бүгүн жергиликтүү тургундар менен кошулуп кайрадан издөө иштери улантылып жатканы айтылды. Азырынча жоголгон жаранга байланышкан кандайдыр бир маалымат табыла элек.