Кыргыз Республикасынын 7-чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин 1-сессиясы өз ишин жыйынтыктоонун алдында турат. Бүгүнкү парламент жыйынына президент Садыр Жапаров катышты.
"Урматтуу парламент депутаттары, сиздер менен эриш-аркак кызматташуунун аркасында мамлекетибиздин казынасын толтурууда салык менен бажыдан түшүүчү каражаттарга катуу көзөмөл жүргүзүлө баштады.
Сиздер менен биргеликте салык чогултуу, бажы төлөмдөрүнөн кирешелерди көбөйтүү менен отуруп калбастан “Кумтөр” маселесин жолго коюп, мыйзамдаштырып, жалпы бюджетибизге кошумча киреше булагын пайда кылдык. Анын негизинде коомчулуктагы эң үч кесиптин ээлеринин: мугалимдерибиз, дарыгерлерибиздин жана маданият кызматкерлерибиздин айлык акыларын эселеп көтөрүүгө жетиштик. Кудай буюрса, бардык тармактагы кызматкерлердин айлык акыларын 1-августтан тартып көтөрөбүз, мугалимдердикиндей кылып.
Ири долбоорлордун бири “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууну колго алып жатабыз. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун эмдиги жылы баштайбыз деген жакшы ниет менен биринчи кадамыбызды жасадык. Бул ири долбоорлор жүзөгө ашып кетсе, “Кумтөр” сыяктуу эле ири киреше булактары пайда болот.
Урматтуу депутаттар, Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, шайлоочуларыңыздар менен жеринде иш алып баруу боюнча ишмердүүлүгүңүздөр натыйжалуу болсун. Элдин ишеним берип арткан жүгүн аркалаган эл өкүлчүлүк кызматыңыздар байсалдуу болсун. Ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!" - деди өлкө башчы.