Бир нече эл аралык сыйлыктарга татыган "Шамбала" тасмасы Францияда көрсөтүлдү. Режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун тасмасын көрүүгө Франциядагы кыргыздар эле эмес, француздар да келишти.
Бул туурасында Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчиси Садык Шер-Нияз билдирип, көрүүчүлөр аз келеби деп кооптонгонун жашырган жок.
Белгилей кетсек, "Шамбала" тасмасы белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган. Ал буга чейин КМШ чөлкөмүндөгү эң мыкты тасма аталып, Орусиянын "Ника" киносыйлыгын жеңип алган. "Оскар" киносыйлыгына да көрсөтүлгөн. Бүгүнкү күндө аталган тасма эл аралык 30 сыйлыкка ээ болду.