Өлкөгө маймыл чечеги илдетинин келүү коркунучу барбы? Министрлик жооп берди

Алдын ала маалыматтар боюнча маймыл чечек оорусу дүйнөнүн 50 өлкөсүндө катталып, жалпы 3 миң 413 адам жабыркады. Коомчулукта аталган инфекциянын Кыргызстанга келүү кооптуулугу тууралуу пикирлер айтылууда. Буга байланыштуу саламаттыкты сактоо министринин убактылуу милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбековго байланышып, кооптонууну жаратып жаткан илдет боюнча комментарий алдык.

"Инфекция чек ара дегенди билбейт. Андыктан өлкөгө да келиши мүмкүн. Биз маймыл чечек оорусун алдын алуу боюнча бир катар чараларды көрүп, даярдык иштерин жүргүзүп жатабыз", - деди министр.

Белгилей кетсек, 23-июнда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маймыл чечек оорусун пандемия катары жарыялоо чечими уюмдун жыйынынын алдында кабыл алынды.

Маймыл чечеги оорусу тууралуу кененирээк бул жерден окуй аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан