Өзбекстанда Конституцияны өзгөртүүгө каршы болгондор массалык түрдө митингге чыгышты

Өзбекстандын курамындагы Каракалпакстан Республикасынын борбору Нукус шаарында жүздөгөн жарандар Конституцияга киргизиле турган айрым өзгөртүүлөргө каршы нааразылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазды.

Митингге чыккандардын нааразычылыгы Баш мыйзамга киргизилип жаткан Каракалпакстан Республикасынын эгемендүүлүгүнө тиешелүү жаңы өзгөртүүлөр менен байланышкан. Өзбек бийлиги 25-июнда өлкөнүн баш мыйзамына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Аталган долбоордо Каракалпакстандын суверендүүлүгүнө байланышкан бир катар түзөтүүлөр пайда болгон. Алардын бири Каракалпакстандын ички референдумдун негизинде Өзбекстандан бөлүнүп чыгуу укугун алып салуу тууралуу маселе каралган. Ошондой эле мурдагы Баш мыйзамда так көрсөтүлүп турган "Каракалпакстан Эгемендүү Республика" деген бөлүм алып салынган.

Мындан тышкары президенттик мөөнөттү 5 жылдан 7 жылга узартуу, чет өлкөлүктөргө өлкө жарандыгын берүүгө тыюу салуу жана өлүм жазасын жокко чыгаруу сыяктуу өзгөртүүлөр белгиленген.

Нааразычылык акциялары Нукустан тышкары Чимбай жана Муйнак шаарларында да орун алганы кабарланды. Жергиликтүү басылмалар тараткан маалыматтарга караганда Нукус шаарында Дехкан базарынын айланасына топтолгон жүздөгөн адамдар менен бир катар бийлик өкүлдөрү жолугушкан.

Өзбекстандын Ички иштер министрлиги митингге чыккандардын аракети мыйзамсыз болгондугун жарыялады. Ошондой эле нааразы тарапка укук коргоо органдары алардын кайрылууларын эске алуу менен бардык түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, коомдук тартипти калыбына келтиргенин маалымдады.

Ал ортодо айрым булактар акциянын активдүү катышуучулары, блогерлер жана эркин журналисттер милиция тарабынан кармалып кеткенин, ошондой эле Каракалпакстандын бир катар аймактарында интернет байланыштары үзгүлтүккө учураганын жазышууда.

Белгилей кетсек, Каракалпакстан Өзбекстандын батышында жайгашкан автономдуу республика. Аянты жалпы Өзбекстандын 40 пайызын түзөт. Аталган өлкөдө 2 миллионго жакын эл жашайт. Алардын көбү каракалпактар, өзбектер жана казактар.

Өзбекстанда Конституцияны өзгөртүүгө каршы болгондор массалык түрдө митингге чыгышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан