Швециялык Oumph! фирмасы адам этинин даамына окшош, жалаң жашылча кошулган бургер жасады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.
Маалыматка караганда, бул бургер эл аралык фестивалда сыйлыкка татыган. Бургерди жасагандардын айтымында, бургерге бир дагы эт азыгы кошулган эмес, ага соя, козу карын, буудай белогу, өсүмдүк майлары кошулган. Бирок адам этинин даамын элестетет. Муну менен эч кандай эт азыгын кошпостон, жалаң жашылча жана өсүмдүктөрдү колдонуу менен каалагандай эттин даамына окшоштуруп жасоого мүмкүн экенин далилдешкени айтылат маалыматта.