Жеңишбек Эдигеев: "Кыргызстанда сүйүү көп, Батышта эсеп көп" (маек)

Белгилүү журналист Жеңишбек Эдигеевдин "Көк дептер" китеби жарык көрүп, коомчулукка тартууланды. Китептин бет ачары борборубуздагы Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында орун алып, акын-жазуучулардын, китеп сүйүүчүлөрдүн коштоосунда жогорку деңгээлде болуп өттү.

Жеңишбек Эдигеев Кыргызстанга болгон сапарында SUPER.KG порталына маек куруп, чыгармачылыгы, "Көк дептер" китеби тууралуу кеп курду.

- Саламатсызбы, Жеңишбек агай! Китебиңиз кут болсун! "Көк дептерди" жөн гана жазган жокмун, аны менен көп өмүрдү кайра жашадым" деп жазган экенсиз.

- Өмүр бир эле келет дешет. Бул философиялуу суроо. Өмүрдү бир нече ирет жашаса болот… Бир өмүрдү адамга Кудай берет, а калганын адам өзү кайталап жашай билиши керек. Өткөндөн сабак алып, эскиңди ыргытып, жаңы чыйыр менен бараткан болсоң бул дагы башка өмүр. Бул дагы жаңы өмүр. Өткөн өмүрдү сөзгө салып сүйлөтүп койгонуң - аларга экинчи өмүр бергениң. Эчен өкүттөр, эчен бакыттар, ийри жана түз жолдор, ийгилик же кыйроолор мунун баары башкага сабак. Колумда ондогон эски дептерлер калыптыр. Китептин көк дептер аталып калган маңызы ошондон. Ал дептерлерден үн, добуш чыгып тургандай сездим. Алардан эски дептер аталган дагы бир өмүрдү таптым. Ошентип өмүргө өмүр уладым. Сөзгө сөз, жолдорго дагы башка жол уладым.

- Китепте жолдор жана алыстыктар түшүнүгү өзүнчө чоң темадай сезилет?

- Жашоодо адамга көп нерсе мектеп болот. Алыстыктар – учурдагы менин чоң мектебим ушул. Ал мага баалуу сөзү менен эмес алыстыгы менен үн катпаган сабак. Алыстыктар мен үчүн өзүнчө мелодия. Алыстыктар мага муза. Алыстыктардын ар бир сааты мага сабак. Алыстыктар – күндө булчуңун чыңаган спортчудай мага мотивация. Алыстыктар – жүрөк менен сезимдин эң биринчи куралы.

Ал эми жол – мен тандап алган эмес, мен кабылган чоң тема. Жүрөгүмө жылуу тема. Жол жөнүндө сөз бүтчүдөй эмес, анткени жолдун өзү бүтө элек. Басылганы да, басыла элеги да. Эс тартканы апам мени кыштактын этегиндеги мүрзөнү көздөй ээрчитип барар эле. Ал жерден атамдын күмбөзүнө барып гүл койчубуз. Улам барып ага суу куюп турчубуз. Мектепке, жайлоого дагы башка жактарга баргандан башка “кыштактын этегине” деген өзгөчө жол менде ошентип пайда болгон. Кийин апам бу жарыктан өзү өттү. Мен анан экөөнө деп каттачу болдум. Кийин улуу эжем, анан дагы жакын дос, жакшы адамым өттү… Тирүүлүктөн бөлөк “кыштактын этегине” деген өзгөчө жол уланганы уланган. Жол – мен үчүн чоң тема. Анткени мен дайыма жолго чыгам. Антпесем болбойт. Антпесем туулган жерди, айылымды, сүйгөн элди көрө албайм. Мен үчүн жолду карап, жолду буюруп, сактап турган периштелер бар. Ар жолу алардан уруксат сурайм. Ар ирет сапар аларда тилек кылам: жолуңду ачып койчу деп! Мен бала кезден узун жолду жакшы көрдүм. Ошол үчүн турмушумда узак жолду көп буюрду.

- Сиз жашоодо өзүңүздү таптыңызбы?

- Ийгиликтер өзүңдү таппасаң да келе бериши мүмкүн. Өзүн “тапкандын” баары бакытка тунбашы мүмкүн. Болгону өзүңдү тапканы, өзүңдү издегени жолго чыккандын өзү кызык. Ошол процесс маанилүү. Биз баарыбыз ошол узун жолдун кайсы бир жээгиндебиз. Баарыбыз солбуп кайдадыр кетип баратабыз… Адамга жолдун көзүн, багытын ажыратып таба билген кызык. Башкысы колду шилтеп келген жолго кайрылып кетип калба!

- Интервьюларыңызда "Дайралар артка агышпайт" деген китебиңизди бардык ата-энелерге арнап жаздым деген экенсиз. Китеп кандай жагдайда, эмнеден улам жазылган?

- Женевадагы чоң китеп дүкөнгө кирип: "сиздерде жалаң ата-эне жөнүндө жазылган китеп барбы?" деп сурасам кызматкер мыйыгынан күлүп "андай китеп окуган эмесмин, болбосо деле керек" деп айтып жатпайбы. Дүкөндөн чыгып андай китеп жок болсо, анда биринчиден болуп, башынан аяк жалаң ата менен эне жөнүндө айтылган китепти мен жазайын деген амбиция пайда болду да, акыры аны жарыяладым.

- "Көк дептерди" масштабдуу деңгээлге чыгаруу, башка тилге которуу пландарыңыз барбы?

- Мен тааныган айрым жазуучу, журналисттер “Көк дептердеги” айрым окуяларды жатка билишет. Кыргызча китеп болуп чыккан соң французчага оодаралы деген сунуштарын айтышкан. Буюрса, 200 беттик француз тилиндеги чакан “Көк дептерге” аракет кылабыз.

Китептен: "Кыргызстан! Жазсам катым жеткен, кыйкырсам үнүм жеткен өлкө бол!!!"

- Китебиңизди окуп жатып мекенге болгон күчтүү кусалык, сагыныч сезимдерин байкай алдым. Алыста жүрүп ата-журтка болгон сагынычты кантип таратасыз?

- “Менин үч жашоом болот буюрса: тиги жана бул дүйнө, анан СЕН жөнүндө жазып олтурган кезим – Мекеним!” Анын сыңары мекен жөнүндө жазып олтурганым – өмүр ичиндеги экинчи өмүр. Бул жөн эле сагыныч, кусалык эмес, ал ата-журтту даңазалоо! Кадырын, баркын бил деген чакырык! Сагынычты чын турмушка, сөзгө айлантып жиберүү керек.

- Ааламдык ойлорду кыска саптарга кантип батырасыз?

- Жаш курак анан тажрыйба аркылуу адамдар өз кесибинде жана турмушта улам бийиктерге жетише берет. Ар ким өз кесибинин өзгөчө устасы боло баштайт. Эгерде кылган ишиңде өзүңө тиешелүү бир боёк жаралып жаткан болсо сен анда ашуулардын ашып, багынтып баратканың деп бил.

Китептен: "Азаптар Кыргызстанда көппү же Европадабы? Бир күнү эрксизден ушул суроо оюма келди. Көп өтпөй тереңдеп жооп таптым: азап жерде жашабайт, мээде жашайт деген. Күрөштү мээден баштайлы".

- Женевага эмнеден улам барып калдыңыз эле?

- Ал жакка барып калганым - бул тандоо эмес, тагдыр болду. Мен ал окуяларды драмалаштырып кайрадан айткым келбейт. Анын баары өтүп бүттү. Көп тарых эскирди. Биз алдыга жыла берүүбүз керек.

- Сиздин байкоолоруңузда Щвейцария менен Кыргызстандын окшош жактары жана бири-бирине такыр коошпогон тараптары кайсы деп билесиз?

- Эгерде экс-президент Аскар Акаев "Кыргызстанды Орто-Азиядагы экинчи Щвейцария кылсак" деп кезинде кыял кылбаганда, балким, минтип эки өлкөнү дайыма кеп кылып салыштырмак эмеспиз. Швейцария ошондон улам бизге макал сымал болуп калбадыбы. Эми окшош жагыбыз: эки өлкө тең тоолуу, эки өлкөдө тең дыйканчылык, мал чарбасы кеңири жайылган, эки өлкө тең деңизге кошулбайт, ал Европанын, биз азиянын чок ортосунда, эки өлкө тең компактуу чакан, эки өлкөдө тең жарыткан кен байлык чыкпайт. Айырмабыз: кен байлык чыкпаса да алар аары менен кумурскадай эмгек кылып жатып кадыресе буюмдардан дүйнөлүк бренддерди чыгарышты. Болбосо дүйнөдө саат чыгарбаган, сыр, шоколад же биз колдонгон макини чыгарбаган өлкө барбы? Баарын кой алардын чиновник менен байлары жөнөкөй боло алышты а биз жөнөкөйлүктү үйрөнө албай келебиз. Швейцарияда түз демократия деген сонун система иштейт. Саясий шайлоолорду кой, мисалы, шаарга бир ири завод куруу керектигин да жалпы элдин тандоосуна салат. Элдин көпчүлүгү макул десе курулат, макул дебесе курулбайт. Анан дагы ал жакта ар бир жылда президент алмашат. Ар бир жылда жаңы президент бир жылдык мөөнөткө келет.

- Кыргыздын кайсы сапатын мыкты деп эсептейсиз? Ошону менен өксүк кылып ушул сапатыбызды оңдосок жакшы болмок деп кайсынысын айта аласыз?

- Батыштын медицинасы кыйын өнүккөн, бирок ал жактын коомунда жалгыздык деген чоң кесел бар. Алардын коому, Батыш адамынын көпчүлүгү жалгыздык менен ооруйт, биздин коомдо андай кесел жок. Түпкү себеби – индивидуализм, ашкере өзүмчүлдүк. Биздин коом дайыма жана күндө тамырлашып, катташып, кол сунушуп жашайт. Бизде жетекчи, директор же кожоюн адамдын намысына тийсе ал “Урдум сени, тойдум сага!” деп эшигин тарс жаап чыгып кетет. Батышта андай эмес. Антиш өтө кыйынга турат. Анткени жумуш ордунан, көзүн караган жалгыз киреше айлыгынан кол жууш – барып турган катастрофа. А биздин эл элге, тууганына, таанышына, досуна, катышына таянат. Анткени биз жашообузду ошентип тамыр күтүп курабыз. Ал жакта андай эмес, сокодой жалгыз эле, жумушунан айрылса ого бетер талаада калат. А кыргыздар жок эле дегенде айылда күткөн эки баш малына таянат. Оокат кылып кетем дейт. Образдуу салыштырсам ушундай. Биздин коом илгертен алыш-бериш кылып жашап келген. Биздин аш-тойлор өзүбүзгө билинбегени менен эл менен болгон карым-катыштын тамырына суу сээп, бекемдеп, өөрчүтүп турат. Биздин коомдо жалгыздык жок экени ошол. А түшүнгөнгө бул чоң нерсе. Япония баш болгон Батыштын көп өлкөлөрү суицид боюнча да алдыңкы орунда турат. А бизде куураган турмуш менен намыстын ишинен гана суицидге барбаса коомдогу жалгыздык ага башкы себеп болбойт. Карап көрсөм бизде сүйүү көп, Батышта эсеп көп. Батышта мамлекеттик салык менен үй-бүлөдөгү жоопкерчиликтен качып жаштардын көпчүлүгү никеге турбай жашай беришет. А бизде: “Сени менен өмүр өткөнчө, тиги дүйнөдө да биргемин!” деп жүрөгүн арнашып жатышпайбы. А Батышта болсо арзышкан кыз-жигит ресторанга кирсе да кыз өзүнө, жигит өзүнө төлөп жатпайбы… Дагы бир ирет образдуу айтсам көрүнүш ушундай.

Китептен: "Карып жатканыбызга сүйүнөлү. Канчалар жаш бойдон "токтоп" жатышат".

- Окурмандар, атүгүл Москвадагы мекендештер китепти кайдан, кантип алсак болот деп кайрылып жатышат...

- Китеп Бишкектеги "Феномен" дүкөнүнө коюлду. Дагы башка дүкөндөргө чыгат. Орусияга жеткирүү боюнча жолун издеп жатам. Буюрса, жарыя кылабыз. Китепте "Кызыл Россия" деген бөлүк бар. Бул түздөн-түз мигранттарга тиешелүү, кызыктуу дагы. Деги эле китепти мекенге бара жаткандарга арнадым деп атпаймынбы. Демек, китеп сыртта жүргөндөрдүн жүрөгүнө жакын десем болот.

- Канткенде мыкты журналист боло алабыз?

- Журналистика - бул биздин көзүбүз. Тагыраагы, журналистика башкадан өзгөчөлөнгөн көз. Курч көз журналисттин куралы. Көзүң курч болсо, анан сөзүң курч болот. Анткени турмуштун ак-карасын көрө билиш үчүн курч да, күчтүү да, мээримдүү да көз болушу керек. Журналисттер көрбөгөндү көрө билиш үчүн өзүн, анан көзүн курчутуп жүргөнү оң деп ойлойм. Журналистиканы мокоткон нерсе - кайдыгерлик. Мисалы, кайсы бир жыйында уйкуң келип отургандан көрө ошол жерде башкача көз менен куралдансаң көп нерсе жазып чыгасың. Маалыматтын баары эле ак үй менен көк үйдө эмес. Маалымат көз көрүнгөн жердин баарында жатат, чачылып, куурап, мени тапса, жазса деп. Жакшы, такталган маалымат журналисттин байлыгы. Кыскалык жана жакшы стиль журналисттин байлыгы. Анан дагы 21-кылымда биз жок дегенде орус тилин же болбосо дагы бир чет тилин билбесек чоң катарга кошулуубуз кыйынга турат.

Китептен: "Барсам, Кыргызстанда көп нерсе мода болуп жатыптыр. Бирок Кыргызстанда дайыма кыргыз тили мода болуп турса экен"

- Агай, кызыктуу, пайдалуу маек куруп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз! Чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!

Маалымат үчүн: Жеңишбек Эдигеев 1971-жылы 20-мартта Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылында туулган. 1992-1997-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинде окуп, ийгиликтүү аяктаган. Андан соң "Бишкек таймс" жана "Агым" гезиттеринде иштеген. Учурда ал Швейцарияда жашап, эмгектенет. Жубайы белгилүү журналист Чолпон Орозобекова. Жубайлар 3 кызды тарбиялап келет.

"Сапарлаш" аттуу кыргызча-французча сүйлөшмө китеби , "Кыргызча-французча тематикалык сөздүгү", "Дайралар артка агышпайт" китептеринин автору.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан