Чаткал районунун прокурору Бакирдин Жанузаков каза болду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Жанузаков бүгүн, 7-июлда жол кырсыгынан каза болгон.
Ал прокуратура органдарында 2004-жылдан тартып эмгектенип келген:
- 2004-2005-жылдары – Талас облустук прокуратурасынын башкы адиси
- 2005-2006-жылдары – Талас районунун прокурорунун стажер-жардамчысы
- 2006-2008-жылдары – Талас районунун прокурорунун жардамчысы
- 2008-2009-жылдары – Кара-Буура районунун прокурорунун улук жардамчысы
- 2009-2010-жылдары – Талас облустук прокуратурасынын мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн улук прокурору
- 2010-2011-жылдары - Талас облустук прокуратурасынын мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы
- 2011-2019-жылдары – Талас облустук прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы
- 2019-2020-жылдары – Баткен облусунун прокурорунун орун басары
- 2020-2022-жылдары– Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун прокурору
- 2022-жылдын 20-майынан тартып Чаткал районунун прокурору болуп дайындалган.