Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 16 жаштагы Кыргыз жараны күйүп жаткан пенопластты өчүрүүгө аракет кылып жатканда күйүк алды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, окуя 5-июлда болгон. Анда тосмону өз алдынча ширетүү учурунда өрт чыгып, ал пенопласттарга жайылган. Аны өчүрүүгө аракет кылган жашы жете элек Кыргыз жараны күйүк алган. Ал оор абалда кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.
Ал ата-энеси жана эки агасы менен жашайт. Жабырлануучу менен анын апасы миграциялык каттоодо жок экендиги айтылды.