Индонезияда өтүп жаткан "Чоң жыйырмалыкка" (G20) кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда министрлер салттуу сүрөткө түшүүдөн баш тартышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, буга себеп бир катар дипломаттардын, анын ичинде АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүрөткө түшүүдөн баш тарткандыгына болгон.
Бир күн мурун Балиде делегаттар үчүн сый тамак уюштурулган. Киодо агенттигинин маалыматына караганда, "Чоң жетиликке" кирген өлкөлөрдүн дипломаттары Лавровдун катышуусуна нааразычылык иретинде кечки тамакка катышпоону чечишкен.