Бишкекте маршруттук таксинин айдоочусу аялды төрөт үйүнө өз убагында жеткиргени үчүн сыйланды. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, №214 маршруттук таксинин айдоочусу Азамат Рысалиев толгоосу башталган аялды көп сандаган жүргүнчүсүнө карабай Үсөнбаев көчөсүндөгү №1 төрөт үйүнө өз убагында жеткирген.
"Аялды төрөт үйүнө жеткиргенден кийин айдоочу аталган маршрут боюнча өз милдетин аткарууну уланткан.
Рысалиевди Транспорт министрлигине караштуу жер-суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгы Ардак грамота менен сыйлады", - деп жазылат маалыматта.