Укук коргоочу Назгүл Турдубекова 16 жашар кызды зордуктады деп айыпталгандар сот залынан бошотулгандыгын айтып чыкты. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазган.
"Бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда судья Батырбековдун төрагалыгы алдында жашы жете элек кызды зордуктоого айыпталган эки соттолуучуга карата козголгон кылмыш иши боюнча алдын ала соттук отурум өттү. Кыз алган жараатынан өлүп кала жаздаган. Судья алардын баш коргоо чарасын өлкөдөн чыкпоо тууралуу жазуу жүзүндөгү милдеттенмеге өзгөртүп, сот залынан бошотту", - деп жазган Турдубекова.
Белгилей кетсек, былтыр, 13-августтан 14-августка караган түнү Жумабек жана Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишинде жашы жете элек кыздын айласыз абалынан пайдаланып, аны зордукташкан.