Касым-Жомарт Токаев кыргыз элин Курман айт майрамы менен куттуктады

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев президент Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

"Ислам үммөтү үчүн улуу майрам баалуулуктардын, жакшылыктын, ыймандын жана адилеттиктин болуп көрбөгөндөй көрүнүшү катары мусулмандардын руханий казынасында өзгөчө орунду ээлейт. Кайрымдуулук менен ырайымдуулукту чагылдырган бул Курман айт дүйнөгө жылуулук тартуулап, элдерибиздин ынтымагын арттырсын", - деп айтылат Казакстан президентинин куттуктоо телеграммасында.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго бакыт жана жооптуу ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан